Чоңдордун чоң тойлору
1 миллион 965 миң сом же азыркы алтымыш сом болуп жаткан доллардын курсу менен санаганда 33 мин доллар. Бул бир тойдун баасы же тактап айтканда Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун 2014-жылдын 29-декабрында кыргызстандык журналисттер үчүн уюштурган жаңы-жылдык кечеге короткон каражаты. Албетте, муну эми Самаковдун дагы бир кесиптеши депутат Жыргалбек Саматовдун 2013-жылдын соңундагы тоюу менен салыштырып болбойт. Уулуна сүнѳт той берип, жетимиш миңдей киши чакырып, ар кандай эсептѳѳлѳр боюнча 15 миллион сомдон 58 миллион сомго чейин акча короткон депутат, мунусу үчүн баш прокуратура тарабынан сурака дагы чакырылган эле.
Похожие видео
Показать еще