КЕЧИРЧИ АЛЛА
автору: Жумабек Акбаров Күнөөгө толгон жүрөгүм ыйлап, Кыйналып барам кечирчи Алла. Өмүрдү берип сынадың бизди, Сыноого сынсам кечирчи Алла. Жаза басып жаңылсак эгер, Түз жолго салып кечирчи Алла. Жол таппай эгер адашып жүрсөк, Жолдорду ачып кечирчи Алла. Көзүмдөн жашым агызып сурайм, Күнөөкөр бизди кечирчи Алла. Ичер суум бүтүп акыры бир күн, Алдыңа барам кечирчи Алла. Жасасак күнөө билбестен эгер, Мээримиң менен кечирчи Алла. Муз болуп тоңгон жүрөктү өзүң, Жылуулук берип кечирчи Алла. Мээрими чексиз өзүңсүң жалгыз, Мээримиң менен кечирчи Алла. даярдап, көркөм окуган жана автору: @jumabek_akbarov ⬇ "Бактылуу жаша, жүрөгүң тынч болсун, кубанычта бол, жакшылыкка умтул жана капаланба" Бөлүшүнүү унутпаңыздар... _ #аллахыраазыболсун #ислам #хадистер #исламдини #муслим #хадис #коран #жума #жумамубарак #жумамуборак #сабр #субханаллах #жумамубаракболсын #жуманамаз #ислам #исламдини #велик #жумакабылболсын #аалымдар #кыргызстан #жумабекакбаров #жума #хадисы #хадис #аллах #муслим #такыба #мечит #мекка #суроожооп #насаат #анашым #ана
Похожие видео
Показать еще