Абдышукур ажа Нарматов - АЛЛАХ күнөөкөр пенделерине 4 убадасы
АЛЛАНЫН УБАДАСЫ БАР Убада бин Самит разияллооху анху Расулуллох саллаллооху алайхи васалламдын мындай деп айтканын укканын айтат: "Алла Таала беш намазды фарз кылды. Ким жакшылап бышык даарат алса жана аны өз убагында окуса, рукусун талаптагыдай кылса жана намазды коркуу менен окуса, анда ал үчүн Алланын убадасы бар Ал аны кечирет. Ким муну аткарбаса, ал үчүн Алланын убадасы жок. Кааласа кечирет аны, кааласа азаптайт". Расулуллох саллаллооху алайхи васаллам айтты: "Ким аткарса намазды жана анын дааратын, жана анын убактысын, жана анын рукусун, жана анын саждасын, ошондой эле аны Алланын алдында өзүнө фарз деп чечсе, ал отко харам". Расулуллох саллаллооху алайхи васаллам айтты: "- Алла Таала айтты:"- (О. Мухаммад), Мен сенин үммөтүңө беш намазды фарз кылдым. Мен өзүм менен өзүм келишим түздүм. Ким намазды өз убагында окуса жаннатка киргизем, ким намазды окубаса Менде ал үчүн убадам жок". Намаз жүрөктүн нуру. Алла Таала өзүнүн көңүлүн бурат ошол адамга, качан ал намазды баштаса. Эгерде кайсыл бир себептерден адам тозокко түшсө, сажда убагында жерге тийген дене мүчөлөрүн от күйгүзбөйт. Баардык амалдардын ичинен өз убагында окулган намазды Алла Таала көбүрөк сүйөт. Адам саждада Алла Таалага эң эле жакын болот. Бир хадистин мааниси ушундай, Расулуллох саллаллооху алайхи васаллам айтты: "Кыямат күнү адамдын биринчи сурагы намаздан болот. Эгерде ал жакшы болсо анда анын калган иштери деле жакшы болот, эгерде ал начар болсо анда анын калган иштери деле жаманды көрсөтөт". Адам намазда падышалардын падышасынын эшигин черткен болот, ал эми эшик дайыма ачык болот - ким аны чертсе. Намаздын исламдагы орду денедеги баш сыяктуу.
Похожие видео
Показать еще