2020-08-07-01-10-32.mp4

07.08.2020
Мен дүйнөгө төрөлгөндө жаңыдан, Үч, төрт аял тосуп алды алдыман. Арасынан аялдардын бирөөсү, Бир жагымдуу башкача экен баарынан. Жагымдуусун кайра - кайра карадым, Мени колго алса экен деп самадым. Мен айткандай колго алып жыттаса, Эң алгачкы жарк дей түштү кабагым. Бөлөк жака жаткырышса таарынып, Кайра алып барса экен деп жалындым. Жатып алып ошол жакта өзүмчө, Ал аялды көргүм келип сагындым. Бүтүн дүйнө баш аламан кара экен, Ошол аял эң жагымдуу таза экен. Тогуз айдай жаңы сыздап төрөгөн, Аман болсун садагасы апакем!!! _@kunduz.junushalieva алтыным апакем чөгөлөп таманыңыздан өпсөм да ак сүтүңүздү актай албаарымды билем. Сиз бар үчүн бизге Аалам кенен, сиз бар үчүн бул дүйнө бизге жарык. Ар убак сиздин амандыгыңызды тилейбиз. Төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиз. Сизге башымды ийип, тизе бугуп таазим кылам берекем апам, бейишим апам❤️❤️. Туулган күнүңүз кут болсун ❤️❤️❤️❤️

Похожие видео

Показать еще