Апа жонундо ыр КОРСОН ЫЙЛАЙСЫН!!! HD
«Апакем» сөзү, обону: Кубаныч Алиев аткаруучу: Ишен Назаров Ойнотуп бизди жетелеп, Оорутпай бактың бөпөлөп. Калкалайт мээрим жамалың, Карызбыз сизге эселеп. Кайгымды тарттың теңселип, Карыздар ким бар менчелик. Жүк болгон күнүм эстесем, Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп. Ааламды нурга бөлөйсүн, Ак көйнөк кийсең көйкөлүп. Ааламда бирда аялзат, Ажарлуу эмес сенчелик, Сулуу эмес апа сенчелик. Үмүттүн отун жандырган, Үй ичин майрам шаң кылган. Өмүргө бизди алып келген, Энелер үчүн жан курман. Кайгымды тарттың теңселип, Карыздар ким бар менчелик. Жүк болгон күнүм эстесем, Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп. Ааламды нурга бөлөйсүн, Ак көйнөк кийсең көйкөлүп. Ааламда бирда аялзат, Ажарлуу эмес сенчелик, Сулуу эмес апа сенчелик. Өмүрдө канча арман бар, Өзүң бар демек майрам бар. Бейиш деп сенин таманың, Белгилеп айткан пайгамбар. Кайгымды тарттың теңселип, Карыздар ким бар менчелик. Жүк болгон күнүм эстесем, Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп. Ааламды нурга бөлөйсүн, Ак көйнөк кийсең көйкөлүп. Ааламда бирда аялзат, Ажарлуу эмес сенчелик, Сулуу эмес апа сенчелик