Аалы Туткучев Алматада

14.09.2016
Тарых жана маданият жылына карата, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын 80 жылдыгына арналат. 30-мартта!!! Казакстан Республикасынын, Алма-Ата шаарында Мухтар Ауэзов атындагы Казак Мамлекеттик Академиялык драма театрында, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын 300 адамдан турган жалпы чыгармачыл тобу «ӨНӨР ЫЙЫК, ӨТКӨНДӨРДҮН МУРАСЫ, ФИЛАРМОНИЯ-ТАЛАНТТАРДЫН УЯСЫ!» аттуу театралдаштырылган чоң концерттик программасын тартуулайт. Концерттин мазмуну кыргыз элинин көркөм өнөр маданиятынын жаралуу тарыхын, Улуттук филармониянын калыптанышын жана бүгүнкү күндөгү чыгармачылыгынын өнүгүп- өсүү жолун чагылдырат. Концертке: А.Жумакматов атындагы Академиялык симфониялык оркестри; К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестри; Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли; Н. Түгөлов атындагы Мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли жана ансамблдин оркестри; Филармониянын камералык оркестри; Филармониянын камералык хору; А.Үсөнбаев атындагы Мамлекеттик “Эл шайырлары” фольклордук тобу; Э.Турсуналиев атындагы “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобу; Филармониянын солисттери: Тамара Исабекова, Салима Балтаева, Кутман Жолдошев, Элнура Самарбекова, Улан Качкыналиев. КР эмгек сиңирген артисттери: Майрам Дүйшөкеева, Бакыт Шатенов, Чырмаш Төрөбеков; КР Эл артисттери: Нуржамал Табалдиева, Гүлсүн Мамашева; КР Эл артисти, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова; КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анарбек Ибраев; СССРдин Эл артисти, КР Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самарбүбү Токтакунова; Төкмө акындар: Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучовдор катышмакчы. Концерттин көркөм жетекчиси: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Башкы директору: КР Эл артисти Кыргызбай Осмонов.

Похожие видео

Показать еще