Гүлбү Ороскул кызы - "Арзуу"

06.04.2019
Көңүлгө да көңүл тушалып, Көрүшпөс болуп узадык. Көңүлдө калды, а бирок ай, Көксөткөн санаа, кусалык. Байыр алып, басып наздана, Баш ийип калдың башкага. Бактылуу кылып башканы сен, Бактылуу болдуң аз гана. Сагындым, мынча сезбейсиң, Сезесиң, сен да эстейсиң. Томогоңду үзүп бир ирет, Анда не келип кетпейсиң? Агарып таңдын атканы, Кызарып күндүн батканы. Кызыксыз мага өмүрдүн, Өзүңсүз өтүп жатканы. аткаруучу ырдаган башка ырлар: https://www.youtube.com/playlist?list=PLxoEnfunBPQY6Jz_BVSWo6VZdePuhh8ZO

Похожие видео