Асанкалый Керимбаев - Сулууга

11.06.2012
Сөзү А.Осмоновдуку, обону А.Керимбаевдики Кош жан эркем, кош дейсиң деп таарынба, Мени күтүп, мени эстеп, сагынба. Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, Отуз жаштын улам аркы жагында. Сен бир кептер боз шумкарын түнөрткөн, Унутулган учар замат түнөктөн. Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден, Сүйүү деген от чачышуу жүрөктөн. Сен бир бакча-мөмөлөрү келишкен, Мен жүргүнчү ооз тийген ал жемиштен. Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден, Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден. Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба, Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда. Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен Отуз жаштын улам аркы жагында.

Похожие видео