Аскат Мусабеков "Канышай"
с. А. Рыскулов. о. К. Рыскулов. "Канышай" Ал анда күз эле, эле күз. Ааламда экөөбүз элебиз. Ай карайт, жүзүңдү аймалайт. Аралап камышты келебиз. Жүзүңдү аймалайт агыш ай. Жүрөктүн аптыккан дабышы-ай. Камыштар шоодурайт атыңды: "Канышай! Канышай! Канышай!" Кайталайм ичимден атыңды. "Канышай! Канышай! Канышай!" Камыштар шуудурап, шыгырап, Камыштар алдыңа жыгылат. "Канышай! Канышай! Канышай!" Кайталайм атыңды шыбырап. Жүзүңдү аймалайт агыш Ай. Жүрөктүн аптыккан дабышы-ай. Камыштар шоодурайт атыңды: "Канышай! Канышай! Канышай! "Кайталайм ичимден атыңды. "Канышай! Канышай! Канышай!" Экинчи кезикпейм деп келем, Эки адам бир гүлдү эскерген. Камыштар ошондон ушул күн "Канышай! Каныша-ай"–деп келген. Жүзүңдү аймалайт агыш Ай. Жүрөктүн аптыккан дабышы-ай. Камыштар шоодурайт атыңды: "Канышай! Канышай! Канышай!" Кайталайм ичимден атыңды. "Канышай! Канышай! Канышай!" "Канышай! Канышай! Канышай!"