ТҮГӨЛБАЙДЫН ЖАМГЫРЫ - АСКАТ МУСАБЕКОВ HD
Түгөлбайдын жамгыры сөзү Чынара Сарбагышова обону Сыймык Бейшекеев Бир мезгил жолуктуруп өзүң менен, Бирок да жолдорубуз бөлөк экен. Жамгырга бирге болгон жаштык кезди, Жоготпой сезимиме сактап келем. Кайырма: Табийгат жашып турат неге тынбай, Төгүлөт Түгөлбайдын жамгырындай. Арзууну жүрөктөгү, эзген менен, Ааламга жар саламын ырдай ырдай. Жамгырда чогуу басып, атырган таң, Түбөлүк чыкпай келет, акылымдан. Азыр да жамгыр төксө нөшөрлөтүп, Тасмадай мезгил өтөт, көз алдыман. Кайырма: Окшотуп добушуңду, сенин күлкүң, Шыбыртың кулагыма бекем түйдүм. Жамгырдан сени бөлүп карай албай, Жалындап экөөңдү тең бирдей сүйдүм. Кайырма: #сыймыкбейшекеев #туголбайдынжамгыры #жамгыр #ыр