Бийикте бол - Караоке HD
Айбек Замиров, Нурсултан Азыкбаев, Бегиш - Бийикте бол (zbpmusic) Кылымдарды карыткан Көп кишилер зарыккан Улуу менин Кыргыз жерим Жашап келет жарыкта Кан тамыры Кыргыздар Бийиктеги жылдыздар Жүрөгүндө бекем сактайт Өз намысын уул кыздар Биримдик бизге жанашсын Бир болуу тынчтык кепили Бакубат жашоо жарашсын Бириксин элим жетилип Бек бололу темирдей биз Ийилсек дагы сынбайлы Сыноолорго жеңилбейли Чындыкты жалгыз тыңдайлы Ак шумкардай бийикте бол Ачык болуп асманың Тынчтык менен биримдиктен Бөлөк жолду баспагын Туура чечим тандап алуу Ар бир заттын колунда Өркүндөгүн Кыргыз жерим Азаттыктын жолунда Ар бир жараан тамырын Кыймылдатып иштеткен Болсун бийик кадырың Бейкуттукка ишенткен Бар үчүн сен бактыма Бошбуз элим кишенден Өсүп жатат жашоо багың Бир өзүңө ишенген Биримдик бизге жанашсын Бир болуу тынчтык кепили Бакубат жашоо жарашсын Бириксин элим жетилип Бек бололу темирдей биз Ийилсек дагы сынбайлы Сыноолорго жеңилбейли Чындыкты жалгыз тыңдайлы Ак шумкардай бийикте бол Ачык болуп асманың Тынчтык менен биримдиктен Бөлөк жолду баспагын ----------- Темирдей бек бололу Колдорубуз кармашып Алдыга умтулалы Ката жолдон адашып Бул менин тандоом Ал сага деле жарашсын Бирге болуу элдин ою Кереги жок талашып Ынтымак керек бизге Жуткан таза абадай Элиме бөлүнүү Уруш талашты каалабайм Коргойлу баарыбыз болгон Күчүбүздү аябай Биз үчүн Кыргызстаным Өсүп жаткан баладай Келечек кең бизде Бул өмүрдүн туура Чечимдерин сен изде Биз менен бирге болуп Жамандыкты жең бирге Ынтымактасың баарыбыз Бекем болуп темирдей Мен билем жакшы күндөр Дагы алдыда Эл билет жүрөктөрү Күйүп жалындап Мен билем кимге берем Өмүрүмдүн баарын тең Мен да билип кара менен Актын айырмасын ------------------- Ак шумкардай бийикте бол Ачык болуп асманың Тынчтык менен биримдиктен Бөлөк жолду баспагын Ак шумкардай бийикте бол Ачык болуп асманың Тынчтык менен биримдиктен Бөлөк жолду баспагын Туура чечим тандап алуу Ар бир заттын колунда Өркүндөгүн Кыргыз жерим Азаттыктын жолунда Ак шумкардай бийикте бол
Похожие видео
Показать еще