Аттары көп, "ЖКнын" кабыл алган мыйзамы Конституцияга каршы келди

01.06.2020
Видео Конституциялык соттун баракчасынан алынды. Толук видео: https://youtu.be/fynaTFm255g Конституциялык палатанын жүйөлөштүрү Укуктук мамлекеттин стандарттары жарандар мамлекеттик бийлик органдарынын жана аларды башкаруучу адамдардын өз билемдигинен бекем корголгон деп болжойт. Ушуга байланыштуу, сот актысы укуктук актылардын тутумунда өзгөчө орунду ээлейт, сот бийлигинин ишмердигин жүзөгө ашыруунун маанилүү укуктук формасын түзөт жана анын тѳгүндѳлбѳстүгү менен туруктуулугун билдирген укуктук аныктык белгисине ээ. Бул сот актысынын туруктуулугун жана анын өз билемдик менен жокко чыгаруудан же өзгөртүүдөн корголгондугун болжойт. Бул принциптен четтѳѳ өзгөчө жана субъективдүү элементти камтыбаган жана так аныкталган эрежелерге негизделген сейрек учурларда гана мүмкүн. Эгер колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тараптын сот чечими менен макул болбогондугуна байланыштуу сот актысын кайра кароо мүмкүндүгүн бербесе, акыркы жыйынтыгы адилеттүү сот чечимин чыгаруу болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген соттук коргоо толук кандуу жана натыйжалуу боло албайт. Биринчи инстанциядагы соттун жумушундагы кандайдыр бир деңгээлде мерчемдүү катачылыктарды толук жок кылуу мүмкүн эмес, ушуга байланыштуу сот өндүрүшү жана аны жөнгө салган процесстик укук соттук каталарды четтетүүнүн атайын процедурасыз иштей албайт. Мындай укуктук каражаттарга текшерүү инстанциядагы сотторго: апелляциялык жана кассациялык инстанцияларга төмөн турган соттук инстанциялар тарабынан чыгарылган чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн жогору турган соттор тарабынан мыйзамда белгиленген процедуралар чегинде текшерүү максатында, соттор тарабынан кетирилген каталарды оңдоо үчүн кайрылуу укугу кирет. Каралып жаткан институт субъективдүү укуктарды коргоо механизминин процесстик элементи болуп саналат, ал соттук каталарды оңдоодон тышкары иш боюнча акыйкаттыкты аныктоого, бузулган укукту калыбына келтирүүгө жол берет. Баяндалгандар, жеке жана юридикалык жактар соттук коргонуу укугунун маңызын чектеген жѳнгѳ салуучулук таасирге дуушар болбошу керек дегенди билдирет. Ошентип, талашылып жаткан ченем жарандардын жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун чектөө менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3 жана 8- пункттарынын, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын бузууда.

Похожие видео