Кыргызстанда биринчи жолу дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлөт

23.07.2014
Көчмөндөр оюну Кыргызстандын атагын алыска таанытат. Анткени Кытай, Түркия, Азербайджан өңдүү түрк тилдүү ондон ашык мамлекеттер катышат. Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну, Чолпон-Ата шаарында 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлөт. Учурда иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө кам көргөн жумуш тобу тынымсыз иштеп жатат. Оодарыш, улак тартыш, күрөш, ат чабыш, эр эңиш, ордо, тогуз коргоол оюну кыргыздын байыркы ойнолгон оюндары. Дал ушул оюндар көчмөндөрдүн тиричилигин, маданиятын, өзгөчөлүүлүгүн даңазалайт. Эми бул оюндарды Кыргызстан бүткүл дүйнөгө даңктап баркын көтөрөт. Дүйнөлүк көчмөндөр маданиятын таанытууга милдет алган Кыргызстан сентябрь айында көчмөндөрдүн башын Чолпон-Ата шаарында бириктирет.

Похожие видео

Показать еще