Айрандын сары суусунун пайдасы Арыктайм десеңиз айрандын сары суусун ичиңиз! HD
Сары суунун курамында лактоза бар. Андыктан, андан тамак алдында бир стакан ичип алса, ал ичти көптүрбөйт жана тамактын тезирээк аш болуусуна жардам берет Сары суунун курамындагы В витамини организмде май менен көмүртектин алмашып туруусун тездетет. Андыктан, аны арыктоо үчүн да колдоно бериңиз. Сары сууну күн сайын ичип турсаңыз, ал чарчоону жазып, жумушка болгон жөндөмдүүлүктү жогорулатат. Курамындагы калий элементи болсо унутчаактыкты жоюп, эс-тутумду кайтарат. Стресске каршы эң жакшы каражат. Себеби, ал стрессти пайда кылуучу гормондорду жок кылып, кубаныч гормону аталган серотонинди бөлүп чыгарат. Организмди уулардан жана шлактардан тазалоодо маанилүү. Ал үчүн эртең менен ачкарын бир стакан сары суу ичип коюңуз. Сүт азыктарынын сары суусун алуунун жолдору: Сүттү жылуу жерге коюп койсоңуз, ал ачыйт. Ошондо гана аны жай отко коюп коёсуз. Убакыт өткөндөн кийин сүттүн бетинде быштактын бүртүктөрү пайда болот. Бул маалда аны оттон чыгарып муздатып марлядан өткөрүп жиберсеңиз, таза сары сууну аласыз. Бир литр сүттү отко коёсуз. Кайнай баштаганда ага бир лимондун ширесин кошуп жиберип дароо оттон чыгарасыз. Бир азда сүт быштактын бүртүкчөлөрүнө жана сары сууга бөлүнө түшөт. Анан аны марлядан сүзсөңүз, сары суусу өзүнчө калат. Уюган айрандын коюусун өзүнчө алып алсаңыз, мискейдин түбүндө айрандын сары суусу калат. Сары сууну пайдаланып ден-соолук менен сулуулукка кам көрөлү! barometr.kg Эне-атанын сексен акысы https://youtu.be/2BWlUzqVFUY 12 сабак.Орус тили. Сөздүк жаттап,сөз байлыгыбызды көбөйтүү. https://youtu.be/zn9Jmwrq0rA Ар бир күнгө арналган 10 пайдалуу кеңеш https://youtu.be/ti3uEel6Xp8 Акчаңызды кайда сактайсыз? 7 кеңеш https://youtu.be/MQlvGP1uR64 Максатка жетүүнүн 4 жолу. https://youtu.be/tqJqcYUaHn0 Кантип байыса болот? https://youtu.be/vpbdUGJpEB0 Орозо кармаган ден-соолук табат https://youtu.be/CFnoOwf5B8Y БААРЫБЫЗГА ЫЙМАН БЕРСИН! укма китеп https://youtu.be/RubgksBe1L0