Мухаммад Пайгамбар (САВ) "Өрнөктүү өмүрдүн өрнөктүү ирмемдери" - 1
Бул китеп Эр-Рияддагы Ислам университетинин устазы Доктор Абдул Азиз бин Ибрахим ал-Умринин "Дин жана мамлекет аттуу китебинен кыскартылып алынган "Өрнөктүү өмүрдүн өрнөктүү ирмемдери" деген китептин кыргызча котормосу. Китепте Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламат-салаваты болсун) төрөлгөнгө чекинки доордон баштап, анын пайгамбарлыкка чейинки жана пайгамбарлыктан кийинки өмур жолу толук камтылган. Айрыкча пайгамбарыбыздын (ага Алланын саламат-салаваты болсун) адамзаттын диний, саясый, социалдык жана руханий жашоосуна тийгизген таасири жөнүндө кенен айтылат. Которгондор: Бакытбек Ниязов, Аалайчы Сеитбеков, Шермухаммад Акматжан уулу Адабий редактору жана корректору: Эрлан Жумагазиев Бул китеп Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан тастыкталат №103. 28.10.2017. Аудиолоштуруп, үн коштоп окуган: Эрнис Кыяз