Түркмөнстан кышында Кыргызстанга газ берет | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 28.06.21 HD

28.06.2021
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы: - Түркмөнстанда Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов жолугуп, Кыргызстан Түркмөнстандын мунай, газ, энергетика тармагындагы ишканалары менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиленди. Кечке жуук президент Жапаровдун иш сапары Тажикстанда уланды. - Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнү белгилүү болду. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы делген Абжалиевге "мыйзамсыз баюу" беренеси менен териштирүү башталганда ал Кыргызстандан чыгып кеткен болчу. - “Талибан” Ооганстандын түндүгүнө чабуулду күчөттү. Дагы 17 ооган аскери Тажикстандын аймагына кире качканы кабарланды. АКШ аскерлерин Ооганстандан чыгарып жаткан шартта талиптер ондогон аймактарды ээлеп алды. #БүгүнАзаттыкта #жаңылыктар #Кыргызстан

Похожие видео

Показать еще