ЫРЫСКЫНЫН 7 АЧКЫЧЫ ✔️ИсламОнлайнKG
ЫРЫСКЫНЫН АЧКЫЧТАРЫ 1. АТА-ЭНЕГЕ ЖАКШЫЛЫК КЫЛУУ ЖАНА ТУУГАНЧЫЛЫК БАЙЛАНЫШТАРДЫ БЕКЕМ КАРМОО Бул туурасында Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтат: “Кимди анын өмүрүнүн узарышы жана ырыскысынын көбөйүшү кубандырса, анда ал ата-энесин сыйласын жана тууганчылык байланыштарды үзбөй кармасын”. Ахмад Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, башка бир хадисинде мындай деп айтат: “Кимди анын ырыскысынын көбөйүшү жана өмүрүнүн узарышы кубандырса, анда ал тууганчылык мамилелерди үзбөй кармасын”. Ахмад 2. АЛЛАХ ЖОЛУНДА САДАКА КЫЛУУ Аллах Таала айтты: “Айткын: “Чындыгында, Раббим Өзү каалаган пенделерине ырыскыларын кеңейтет жана кимге кааласа тарытат. Эмнени садака кылсаңар, анын ордун толтуруп берет, жана Ал эң жакшы ырыскы Берүүчү”. Саба сүрөөсү, 39-аят. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах Таала айтты: Эй, адам баласы! Садака кылсаң, Мен сага ырыскыңды көбөйтүп беремин! Жакшылык иштерге садака кылсаң, Аллах сенин ырыскыңды көбөйтүп, сарптаганыңдын ордун толтурат» (Бухари) 3. АЛЛАХ ТААЛАГА ИБАДАТ КЫЛУУ Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, хадис кудсийде айтты: «Чындыгында, Аллах Таала айтты: Эй Адам баласы! Өзүңдү Мага ибадат кылууга арнагын – Мен сенин жүрөгүңдү байлыкка толтуруп, жакырчылыктан куткарам, а эгер өзүңдү Мага (ибадат кылууга) арнабасаң, анда Мен сенин колдоруңду иш менен алек кылам жана сени жакырчылыктан куткарбайм» Ахмад, (Тирмизи), Насаи, ибн Мажжа, ибн Хиббан. 4. АЛЛАХ ТААЛАГА ТОБОКЕЛ КЫЛУУ Ал аят мындай: «Ким Аллахдан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет. Ким Аллахка тобокел кылса, Ал (Аллах) ага жетиштүү. Чындыгында, Аллах Өз ишин аягына чыгарат. Аллах ар бир нерсенин өлчөмүн белгилеп койгон» (Талак 2,3-аят) 5. ТАКЫБАЧЫЛЫК Аллах Таала айтты: «Ким Аллахка такыбалык кылса, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет» (Талак 2,3-аят) 6. АЛЛАХ ТААЛАНЫН БЕРГЕН НЕМАТЫ ҮЧҮН ШҮГҮРЧҮЛҮК КЫЛУУ Аллах Таала айтты: «Силердин Раббиңер жарыя кылды: “Эгерде (Мен берген неъматтарга) шүгүр кылсаңар, анда Мен силерге (андан дагы) көбөйтүп берем» (Ибрахим, 7-аят) 7. КҮНӨӨЛӨР ҮЧҮН ИСТИГФАР АЙТУУ ЖАНА АЛЛАХКА ТООБО КЫЛУУ Аллах таала Нух пайгамбардын өз коомуна күнөөлөрүнө кечирим суроосуна үндөп даават кылып айтканы туурасында мындай деп айтат: “Мен айттым: “Раббиңерден кечирим сурагыла, чындыгында Ал Кечирүүчү. Ошондо Ал силерге нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат жана мал-мүлк, балдарыңарды көбөйтүп, силерге бактарды өстүрөт жана дарыяларды агызат”. Нух сүрөөсү, 10-12-аят. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким ар дайым истигфар айтып жүрсө, анда Аллах аны бардык кыйынчылыктардан чыгарат, бардык тынчсыздануулардан куткарат жана анын ырыскысын ал күтпөгөн жактан берет» (Абу Дауд)