Бишкекте 1 тоннадан ашык бешбармак бышырып, 110 метр чучук жасашты

11.03.2018
Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында 1 тоннадан ашык бешбармак бышырылып, 110 метр чучук жасалды. Бешбармак үчүн жалпы 9 баш жылкы союлганын иш-чаранын демилгечиси болгон «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмесинин өкүлү Жалабек Ырсалиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди. Бүгүнкү иш-чарага Европадан келген 2 ашпозчу катышып жатат. Ал эми бешбармак үчүн 150 литрлик 12 тай казан орнотулган. ТОЛУГУ МЕНЕН: http://www.turmush.kg/news:341715

Похожие видео