Садыр Жапаровдун жубайы баласын эскерип жүрөк толкуткан пост жазды HD

07.02.2020
#Эркин_Маалымат #Садыр_Жапаров Берекем Дастаным, сени эстебеген бир да кунум ото элек. Ар дайым ойумдасын. Сени менен ойгонуп, сени менен уктайм. Асмандагы эн жарык жылдызды сен деп элестетем. Сен торолгондо жаштыгыма карабай энелик сезим менде сен учун ото кучтуу эле. Акылдуум менин. Жанда жок боорукер, жылдыздуу элен балам.Ожорлугун да кучтуу эле. Дастан, бизде баары жакшы. Атан аман-эсен, куулу-кучтуу отурат. Чыгарганга эрки жетпей, чыгарбай жатышат. Эли кундон-кунго атандын эмгегин билип, баалап, толкуп жатышат. Кудайым буюрган куну чыгып келип, арабызга кошулуп калаар. Рустам уйлонуп, баарыбызды кубантты. Ринат уйлоном деп турат. Кудайымдын жазганына баш ийдим балам. Озу берген, озу алып кетти. Сенин атындан соопчулук кылып, балдар уйуно барып турабыз. Кадимкидей женилдейм. Жетим балдар кубанса, сен кубангандай сезилет бизге. Жаз алды менен сенин атындан шарты татаал, суусу жок жаны конушка суу чыгарып берели деген максатыбыз бар. Коп адам сени жоктоп келет. Досторун, чогу иштешкендерин жана жакын туугандарын. Ар бир адамдын журогунон озундун жонокойлугун менен орун алган экенсин балам. Рустам сенин атындан умрага кетти. Аллах кабыл кылсын! Жаткан жерин жайлуу болсун, Аллах бейишинен берсин балам.

Похожие видео