Периште 2 - Серия

27.06.2017
Тартылган жылы: 2005 Узактыгы 00:36:52 Жанр: Үй-бүлөлүк драма Сериал : 2 серия Режиссёру: Алиреза Афхами Продюсери: Рамин Аббасизаде Актер-актрисалар: Хасан Джоухарчи, Бахаре Афшар, Мортеза Сараби, Марьям Кавияни, Сорая Гасеми Бехзад, унаасы менен жумушунан үйүнө кайтып келе жатып, капысынан коюп алган жолоочу кызды үйүнө алып келет. Эч кимдин көңүлүн оорутпаган, назик кыздай көрүнгөн бул Периште аттуу кыздын акырындап отуруп таң калаарлык кылык жолуктары башталат. Ал Сараби аттуу адамдын кейпинде пайда болуп Бехзадды туура жолдон адаштырууга аракет кылат. Жыйынтыгында, Периштенин кара ниеттүүлүгү Бехзаддын апасынын өлүмүнө жана Бехзаддын жубайы менен ажырашышына алып келет. Ал кыз Бехзадка өзүнө үйлөнүүсүн сунуштайт, бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин Бехзад жергиликтүү молдонун акыл-насаатары жана өзүнүн балдарынын айткандарынын жардамы аркылуу Периштенин, киши кейпин кийген кара ниет шайтан экенине ынанат. Ал Бехзаддын качандыр бир жолку кылган катасы үчүн жазага тартууга келген болот. Бул иш Периште Бехзаддын уулун өлтүрүү максатында унаанын алдына түрткөнгө чейин барат. Ал өзүнүн уулун куткарып, кетирген каталарын моюнуна алып, Кудайдан кечирим сурайт. Фильм Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы маданият өкүлүнүн буюртмасы боюнча "ОЛЖО" студиясында кыргызчаланды. Үн коштогондор: Нургазы Калдаров, Шаршегүл Аманова, Айгерим, Эрхан Нурланов, Жаңыл Чынгышова, Жаңылай Исакова, Нурлан Салидинов, Айпери Жороева, Гүлнара Эшалиева, Аман Мамбетакунов, Чынгыз Мырзаев ж.б

Похожие видео

Показать еще