Турсунбек Акун: "Батукаевдин качышына Атамбаев күнөөлүү" HD
#Каналга_жазылыңыз #жаңылыктар_окуялар Мурдагы КР саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынды. Эми кезек кимде? Айрым такталбаган маалыматтарга таянсак, эки лөктө. Алар: Шамил Атаханов, , Алмазбек Атамбаевда. Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акундун NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде Батукаевдин мамлекеттен чыгып кетишине Алмазбек Атамбаев, Жогорку Соттун төрайымынын салымы чоң. --Ошол кезде баарыбыз президент Алмазбек Атамбаевдин чечими жана көрсөтмөсү менен буйрукту аткарганбыз. Турсунбек Акундун колунан эмне келет эле! Мен дагы 6 жылдан бери моралдык жактан жапа тарттым. Аброюмдун баарын Батукаев жок кылды. Менде эч күнөө жок. --Жакында сиз камала турган адамдардын катарын толуктайсыз деп айтылып жатат... --Кыйраттыңар! Кезек мага келген жок! Кезек, Атамбаевге келди! Батукаевди мен чыгарган жокмун. “Причем тут” Турсунбек Акун! Эң биринчи Атамбаев камалашы керек! Мени Атамбаев менен жолуктурсун, анын бетине айтамын. Мен Акыйкатчы эч нерсе чечпейт. Токон Мамытов эмнени чечип жатат, “иттин куйругун да” чечпейт. Эптеп эле мени каматкыңар келип атабы? Уят деген жок өзү силерде...Мен эмес, Атамбаев камалышы керек!-деди, Турсунбек Акун. Белгилей кетсек, крим төбөл Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «өлүм алдында жатат» деп, Чеченстанга учуруп жиберген. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 17-апрелде Жогорку Кеңеште Батукаевдин иши кайра карала тургандыгын билдирген эле. Жогоруда мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акундун Атамбаев тууралуу пикирин аудиотасмадан толугу менен уга аласыздар. Биздин соц тармактарга төмөнкү ссылкалар менен кириңиз... Фейсбук: https://www.facebook.com/jalbyrak.tv/ Instagram: https://www.instagram.com/jalbyrak.tv/?fbclid=IwAR1HRmnT5ouMlxKCNOAtW-Q_Z-PL_VkWHos2WkOp3haWWX0D9tnh0CGjWcQ Одноклассники: https://ok.ru/profile/573778133404?fbclid=IwAR1SBg0M084TtW_hk45-S7BlgYdramQ5RyTNJnB7LBtWx6qFhrE0la7Fo-0 Twitter: https://twitter.com/L1H4GrBBm6qVzhM?fbclid=IwAR0A2rXYfOWlz1vtlZBkYSQK0g0XRYqwI4VbaBMj9TSka7p48USR2KPpryg Телеграмм: https://web.telegram.org/#/im?p=@jalbyraktv WhasApp: +996 554 00 78 49 Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал!