Планетадагы Эң Ажаан жана Агрессивдүү Жаныбарлар! Аларга жолуккандан сак болгула... HD

15.09.2019
Планетадагы эң ажаан жана агрессивдүү жаныбарлар! Аларга жолуккандан сак болгула... Биздин планетада ар түрдүү жаныбарлар жашайт, жапайы жаратылышта көп жаныбарлар кооптонуу жаратат, бирок алар эч качан биринчи кол салбайт, албетте, эгер аларды кол салууга мажбурлабаса. Анткени менен, жаратылышта өтө агрессивдүү жаныбарларды жолуктурса болот .Алар адамга эч кандай себепсиз эле кол салышы толук мүмкүн. Бугун сиздер менен өтө агрессивдүү жана ажан жаныбарлар жөнүндө кеп кылмакчыбыз. Анда эмесе-кеттик! Өзу жашаган жерин коргогон эң эле агрессивдүү жана кооптуу жаныбарлардын бири, чөп менен тамактанган, дарыяда өмүр сүргөн бул – бегемот! Өзунун суйкумдуу келбети менен бул жаныбарлар жалган ой калтырат.Буларды карап эч качан ойлобойсун ушундай алп жаныбар өзүнүн оор салмагына карабастан өтө тез, көз ирмемде кыймылдайт деп. Мүнөзүн алдын ала билип болбойт. Суунун астынан, бегемот мурдунун таноосун жаап демин жарым саатка чейин кармай алат. Бегемоттун эркеги дарыянын өзүнө тешелүү тилкесин жана ургаачысын агрессивдүүлук менен коргойт. Аны менен ургаачыларынын ортосуна тоскоолдук жаратуу бул абдан кооптуу нерсе. Бегемоттун оозу жана жаактары өтө күчтүү болгондуктан, алар керек болсо крокодилди дагы экиге бөлгөнгө кудурети жетет. Бегемоттор тамактанууга түнү кана чыгышат жана аларга коопсуз сууга барууга тосколдук жараткан ар бир жанды тебелеп кетиши мукүн. Өзү жашаган жерин өлүмгө чейинки коргоп жаткан учурлар да белгилүү. Бегемоттун эркегинин салгылашууда пайдаланган 30 сантиметрлик азуу тиштери бар. Ошондой эле, коркунуч сезээр замат балдарын коргогон бегемоттун ургаачысы дагы чон кооптонуу жаратат. Чочко каман! Жапайы чочко камандар үй чочкосунун күчтүү жана кооптуу түрү болуп эептелинет.Чочко камандар Европанын жана батыш Азиянын токойлорунда жана айыл чарба жерлеринде жашайт. Чочко камандар, жада калса. бугунун да кармай алган жакшы мергенчи болушат. Бул жаныбарлардын өтө пас маанайынан улам, өзүнүн курч азуу тиштери менен кол салуусунан адам баласын алардан качканга мажбурлайт. Айрым учурларда, аларга тийиштүү жерге кируудөн улам каман чочконун салмактуу кол салуусу өлүм менен аякташы мүмкүн. Росомаха! Росомаха кичинекей аюга окшошкону менен чындыгында суусар тобунун эң эле чону болуп эсептелинет. Бул сөөктүү, темир сымал жаактуу айбан өзүнүн салмагына жараша эмес өтө ачуулугу менен айырмаланат. Башка жапайы жаныбарлар ачык эле агрессиясын билдирген болсо, ал эми росомаха болсо кооптонуусун байкатпай мергенге чыгат. Салмагы болгону 15-20 киллограмм болгону менен, бул жаныбар бугу, тоо текени , жада калса багышты да жыга алат. Адам баласына кол салуусу өлум менен аякташы мүмкүн. Бирок, бактыга жараша бул жырткыч жашаган чөйрөдө адамга жолуугусу сейрек кезд

Похожие видео