МЕНИН ЖУРОГУМДУН ЭЭСИ БАЛАМ

23.03.2021
⚡Жан балам. Өмүр өтүп, карып калсам, жаш өтүп, Жүдөө кылбай, багасыңбы жан балам. Кайра-кайра сүйлөп калсам, кайталап, Кагып - силкпей, угуп кой ээ, сен балам. Кээде тойго, айылчылап мен кетсем, Карап жолду, күтүп алгын жан, балам... Кабак түйбөй, жарк деп этип жаркылдап, Кучак жайып, тосуп алгын сен, балам.. Кээде кейип, кээде жөн жай сүйлөсөм, Капа кылбай, мейли,, апа"деп угуп кой... Көңүлүм бош, кээде толкуп ыйласам, Кайрат айтып, кубат болуп туруп кой. Карылыктын чоң шаарына барганда, Көзүм карап, капалантпай карап кой! Каруум кетип, ал-күчүмдөн тайганда, Колдон кармап, көңүл алып таяп кой! Жашым өтүп, бала сымал болгондо, Жан,, апа"деп, мээрим төгүп карап кой! Жүзүм тырыш, тагдыр сызып койгондо, Жүрөгүңдөн" асылым"деп аяп кой! Жалгыз болуп, жабыркатпай бакты деп, Жумшак сүйлөп, көзүм карап багып кой! Жүрөгүмдү оорутпастан ардактап, Жан балам, ай, көңүлүмдү карап кой!

Похожие видео

Показать еще