ШОРОНУН КОЖОЙУНУ СИЗГЕ БИЗНЕС НАСААТ АЙТАТ. Табылды Эгембердиев HD

24.05.2019
Табылды эгембердиев Кантип байыса болот Урматту достор, биздин каналда, жалаң гана адамга пайдалуу кеңештер чыгарылат. Андыктан биздин каналга подписаться кнопкасын басып коюңуз. Кызыктуу видеолор алдында. ИЙГИЛИК ТУУРАЛУУ Табылды (кийинки паспортунда - Таабалды) Бердигулович Эгембердиев 1951-жылы 14-январда Кыргызстандын Суусамыр өрөөнүндө, ал кезде Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун (азыркы тапта Чүй облусуна карайт) Бухара айлында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө туну болгон. Атасы дүйнөдөн эрте өткөн. Иниси Жумадыл улуу агасы Табылды тууралуу мындай дейт (“Бишкек таймс”, 2004-жылдын 13-февралы): “Биз кичинекей кезибизден атасыз өстүк. Анан апам бизди бири-бизге ынак, тартиптүү, ынтымактуу болууну көп айтчу. Табылды агам үй-бүлөдө эң улуубуз болгондуктан, биз анын сөзүн эки кылалчу эмеспиз, жада калса "сен" деп айта албайбыз. Ортобузда чоң сый бар”. Табылды 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин бүткөн. 1990-жылы 26-майда "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылынын - КДКнын Уюштуруу конференциясында КДКнын Башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган. 1991-жылдын февралынан тартып КДКнын идеология боюнча катчысы болуп иштеген. Белгилүү публицист Табылды Эгембердиев бир тууган иниси Жумадыл Эгембердиев менен 1992-жылдан бери улуттук суусундук - максымды ачытуунун эң ургаалдуу технологиясын өздөштүрүү жана өндүрүшкө башка да элдик суусундуктарды чыгарууну киргизүү менен алектенет. Анын компаниясы бул улуттук суусундукту өндүрүүнүн эң татаал технологиясын иштеп чыгып, аны өндүрүш жолуна коюп, европа суусундуктарын өндүрүү деңгээлине чейин көтөрүп, теңеди. Буга кошумча кымызды жана булак суусун дүйнө элине таанытып келет. “Обон” гезитине курган маегинде (25.1.2010) кантип жарма сатуу ою пайда болгонун ал мындайча эскерет: “1992-жылы максым сатсак кандай болот дедим, идея меники болду, иним колдоду. Максым жакшы ийгилик жаратаарына көзүм жетти. Анткени үйгө келген коноктордун алдына кола, лимонад койсоң ичпейт, максымды болсо талап кетишет. Башында апам баштап берди. Биздин үйдө нан жебей, эт жебей калган күндөр көп болгон, бирок максым ичпей калган күн болгон эмес. Максым жасабай калыш апам менен чоң апам үчүн трагедия болчу. 1968-жылы шаарга окууга келген кезим. Бир курдай Орто-Сай базарына барсам, эки келин максымын чакага куюп алып, базардын артындагы даараткананын артында милиция кызматкерлеринен жашынып сатып жүрүшөт. Ошондо "Максымды эмнеге уурданып сатышат" деп намыстанып, кыргыздын улуттук суусундугун кеңири жайылтам деп намыс үчүн баштадым. Үй -бүлөбүз менен биригип устав жаздык, кийин ошонун баары аткарылды”. 1992-ж. "Шоро" компаниясынын Президенти. Ишкер-бизнесмен. Кыргызстанда көркөм өнөр, маданият, көркөм адабият, спортту ар тараптан өнүктүрүү үчүн ар кыл долбоорлорду каржылык жактан ырааттуу колдогон демөөрчү инсан катары таанылган. Ал негиздеген "Супара" улуттук этнографиялык комплекси жана "Супара-Чуңкурчак" эс алуу жайы - Кыргызстандагы эл аралык туризмдин каттамдар картасына кирген олоуттуу жа

Похожие видео