Улугбек Ормонов: "Жаштарга үлгү болуу үчүн Кыргыз эл баатырларынын пенсиясына көңүл буруу керек"
“Бир Бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов ЖКнын жыйынында Кыргыз эл баатырларынын пенсиясы Бажы кызматында иштегендерден аз болуп жатканы тууралуу маселе көтөрдү. “Элибизге ак эмгегин өтөп, Кыргыз эл баатыры болгон Токтогул, Шамалды-Сай, Күрп-Сай ГЭСтерин курган Кабаев Акбаралы Сарынжиевич аксакалыбыз бар. Ушул баатырлардын абалы кандай? Пенсиясы канча? Кыргыз эл баатырынын пенсиясы 16 миң сом, Бажы кызматынын полковнигиники 26 миң сом болуп жатса биз жаштарды кандай тарбиялап, эмнеге үндөп жатабыз? Ушул маселеге көңүл буруп коюңуздар”,-деди эл өкүлү.