Улукбек Токтоболот уулу Жаныш Байыш эпосунан

02.12.2019
#БелесТВ #кызыктар #кызыктуулар Кыргыздын Азирет деген ханы болгон экен. Өзү адамдан акылман, аяр, алдыда келе турган жамандык, жакшылыкты алдын – ала биле турган көрөгөч киши болот. Кыргыз элинин ханы Үсүр шаарында туруп, кыргыз ханына 60 шаар эл караган. Ал убакта кыргыздар Кытай менен кезешип урушуп жүргөн. Кытайдын ханы – Сыядат. Кытай менен кыргыздын ортосунда Аккүргүн деген дарыя болгон. Маңдайы Кытайдын чеги, бер жагы – кыргыздын чеги. Үсүр шаары менен Аккүргүндүн арасы – алты айчылык жол. Аккүргүндүн зоосунун түбүнө Азирет хан көпүрө салдырган. Көпүрөдөн өтүп, миң сан кол менен кытайларды нечен жолу чаап да алган. Азирет хан балбан жана баатыр киши болгон. Абдан карып, өлөр убагына жакын калганда ойлонуп: “ Мен өлсөм, көпүрөмдөн өтүп алып, элиме Кытай күн көрсөтпөйт го. Көпүрөнүн эки башын бекиттирип салайын – деп акыл менен эсептеп, уруштарда колго түшкөн кытайларга эч кимге билдирбей, бекиттире баштады. Маңдай жагы кара зоо эле, кара кыш менен кынатып, кара кум менен шыбатып, “Кайып ээлеп калды” – деп жазуу жаздырып койду. Өйүз – бүйүзү кызыл зоо эле, кызыл кыш менен кынатып, кызыл кум менен шыбатып бүтүрдү да, “Кызыр ээлеп калды” – деп жаздырды. Көпүрөнүн маңдайы кара зоо болуп калды. Бүйүзү кызыл зоо болуп калды. Эки жагы тең жиксиз зоо болду. Ошондо бул кытайлар өз элине да айтат, же элине кетсе да “Азирет хан бекиттирген, Кайып, Кызыр ээлеген эмес деп айтат го, андан көрө булардын тукумун үзөйүн” – деп бардыгын дарыяга салып жиберди да, эч дайнын чыгарбай, “Кайып, Кызыр ээлеп кетти” деп калкты ишентип койду.

Похожие видео

Показать еще