Назгүл Турдубаева: "Жусуп Мамайдын вариантында Жакыпты калмак деп улуту эмес, мүнөзү катары айтылат"

13.06.2019
Кечээ, 12-июнда биздин редакцияга филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова келип, кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Манас баатыр, тагыраак айтканда анын атасы Жакып улуту боюча калмак болуп сүрөттөлөт деп ишендирген. Ага далил катары Жусуп Мамайдын Кытайда чыккан "Манас" китебинен: “Хан Ногой калмак Жакыпты Жактырып абдан калыптыр” [Китептин 9-бетинде] деген сыяктуу бир нече саптарды мисалга тарткан. Бүгүн, 13-июнда филология илимдеринин кандидаты, профессор Назгүл Турдубаева келип, Жусуп Мамайдын вариантында айтылган Жакыптын калмак экендиги улуту катары эмес, анын орой кулк-мүнөзү катары айтылган деп ишендирди. Булак: KyrgyzToday.kg

Похожие видео