Марат Исаев - Улут сыймыгы! HD
2016-жылы Москва шаарындагы "Красносельская" станциясындагы метродо эсин жоготуп рельстерге кулаган аялды куткарган биздин мекендешибиз Марат Исаев менен бүткүл кыргыз эли сыймыктанат. М. Исаевди бул эрдиги үчүн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин мамлекеттик жогорку даражадагы "адам өмүрүн куткаргандыгы үчүн" деген төш белги менен сыйлаган. 2018-жылдын 10-март күнү, М. Исаевди эрдиги үчүн "Кыргыз тилектештик" коому "Улут сыймыгы" наамын ыйгарды. Бул ишчарага элибиздин сыймыктуу уулу болгон , баатыр наамына татыган, " Замандаш" саясий партиясынын Москва шаарындагы ишенимдуу өкүлү Марат Исаевдин апасы Дамира апа, атайы чакыруу менен келип, уулунун сыйлыгын алды!
Похожие видео
Показать еще