Асейин Саралаев: "Курманбек Бакиев аман болсун жаныңыз"

04.04.2019
Жок эле го, айкөл элдин салтында, Башкалардын жеген ашын аңдыган. Эт жеп койсо, ичи күйүп боздогон, Кул мүнөздүү элдер чыкты тантыган. Жок эле го, баатыр элдин наркында, Башкалардын чыгданына кол салган. Кыргыз көчү кайда адашып баратат? Кимдер алар туңгуюкка жол салган? Жок эле го, кыргыз деген атымда, Санак кылган бөтөндөрдүн курсагын. Кайда калды Ормон, Шабдан, Алымбек? Майдаланып маймыл болду урпагың! Жок эле го, болгон эмес эч качан! Ичкен ашын ушак кылып жанчыган. Болгон эмес тебеленген кыргызда, Тиматинин нанын жейм деп самсыган. Тиматинин гамбургерин жебептир, Каны кыргыз, эт жептир го ханыбыз. Эт жебеген кыргыз жоктур ааламда, Аман болсун Элбашчысы жаныңыз! Асейин Саралаев, NazarNews.kg

Похожие видео