Кабырдан Кат Кабыр азабы, Өлгөн адамдын Акыреттеги сурагы... @NUR TV HD

02.04.2022
Ар бир жан өлүм даамын татуучу... ● КАБЫР АЗАБЫ. Суйуктуу Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллааху алайхи уа саллам): Аллах Тааладан Кабыр азабынан сактанууну сурангыла"- деди. Андан кийин дагы айтты: "(Момун) кишини комуп буткондон кийин эки Периште келип аны отургузуп: "Сенин Роббин ким?"- деп сураганда, ал жооп берет: "Менин Роббим Аллах". Андан кийин: "Динин кайсы?"- деп сураганда ал: "Менин диним Ислам"- деп жооп берет. Андан кийин силердин аранарга жонотулгон киши жонундо эмне дейсин? (дегенде ал): "Ал Аллахтын Элчиси"- деп жооп берет. Алар сурашат: "Сен муну кайдан билесин?". Мен Аллахтын китебин окуп, ишенип, аны тастыктагам"- деп жооп берет. Ушундай туура жооп бергенден кийин асмандан бир ун угулат (тактап айтканда, Аллах тараптан чыккан ун): "Менин Пендем чын айтып жатат. Ага Бейиш тошогун тошогуло! Бейиш кийимин кийгизгиле! Бейиштен дарбаза ачкыла!". (Анын кабырына) Бейиштин жыты жана кооздугу келип турат. Анын кабыры козунун нуру жеткен жерге чейин кенейтилет. Андан кийин Суйуктуу Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллааху алайхи уа саллам) каапыр адам жонундо мындай деп айтты: "Анын жаны ага кайтып келет. Ага эки Периште келип: "Роббин ким?"- деп сурашат. Ал окунучтуу абалда: "Эчтекени билбейм"- деп жооп берет. Андан кийин: "Динин кайсы?"- деп сураганда окунучтуу: "Билбейм"- деп жооп берет. "Пайгамбар болуп жонотулгон киши жонундо эмне дейсин?"- (дегенде) ал дагы (эле) окунучтуу абалда: "Билбейм"- деп жооп берет. Асмандан бир ун угулуп: "Пенде жалган айтты. Ага тозоктон тошок тошогуло! Тозок кийимин кийгизгиле! Тозоктон дарбаза ачкыла!"- (делет да, анын кабырына) (тозоктун) ысыгы жана куйук жыты келип турат. "Анын кабыры ушундай тар болот, кабыргалары бири-бирине кирип кетишет". (Абу Дауд). •Тушундурмо: Каапыр жонундо: "Пенде жалган айтты"- дегендин тушунугу Аллах Тааланын бирдигине жана Пайгамбарына, Ислам динине ишенбеди. Булардын баары чындык болсо да. (Маъарифул хадис). Анас бин Малик (разияллооху анху) дан риваят: "Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи уа саллам) айтты: "Пендени шериктери кабырга комуп кайтышканда ал алардын бут кийиминин добушун угат. Эки Периште келип, аны отургузуп: "Мухаммад (саллаллааху алайхи уа саллам) деген киши жонундо эмне дейсин?"- деп сурашат. Ал эми момун киши болсо: "Кубого отомун: Ал Аллахтын пендеси жана Элчиси"- деп айтат. Андан кийин ага айтылат: "Тозоктогу жайынды кор, аны Аллах Таала Бейиштеги орунга алмаштырып койду. Ошентип (ал) эки жерди тен корот. • Ал эми эки жуздуу же каапыр болсо: "Бул киши жонундо эмне дейсин?"- деп сурашканда: "Мен билбейм, элдер (ошентип) айтканын айткам"- деп жооп берет. Ага айтылат; "Сен билген жоксун, билгендерди (да) ээрчибедин". Андан кийин, темир барскан менен катуу урулат. Ал катуу кыйкырат. Аны Инсан менен жиндерден башка жакын болгондордун баары угушат". (Бухари). Анас (разияллооху анху) дан риваят: Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллааху алайхи уа саллам) айтты: "Жерде

Похожие видео