БАЭ: Мигранттарга берилген беш миллион сомдун дареги
Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдугу кыргыз диаспорасынын активисттери менен бирге пандемия маалында ишсиз калып, жардамга муктаж болгон мигранттарга колдоо көрсөтүп жатат. Бишкектен келген 5 млн сомду бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, ага Башкы консулдуктун кызматкерлери менен диаспоранын активисттери кирген. Жардамга муктаж мекендештер jardam.uchak@gmail.com (билет үчүн) жана jardam.uae@gmail.com (мейманкана жана тамак-аш үчүн) даректерине кат жазып, тиешелүү кагаздарды толтуруп жибергенден кийин активисттер алар менен байланышат.