Балдарга майрам

06.09.2020
БАЛА ЖЫЛМАЙСА, ААЛАМ ЖЫЛМАЯТ! 26-июнда Мутакалим коомунун Бишкек шаарындагы кеңсесинде чоң майрам болуп өттү. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда атасыз калган 35 балдар-кыздарга өзүнүн чакан белектерин берип жүргөн Мариям аттуу демөөрчү Бириккен Араб Эмиратынан Кыргызстанга конокко келди. Бул күнү жөлөк пул алып жүргөн балдар өз демөөрчүсү менен жакындан таанышып, баарлаша алышты. Мындан тышкары балдар ыраазычылык билдирип, келген мейманга улуттук кыргыз бийин тартуулашты жана "Манас" эпосунан үзүндү айтып чакан концерт уюштуруп беришти. Салтанаттын соңунда балдарга демөөрчүнүн атынан чакан белектер жана таттуулар тапшырылды. Мындар ары да балдарга жардам берүү ниетин билдирген. Ошондой эле, Мутакалим коомунун жетекчиси менен БАЭ келген Мариям айым келерки жылы Кыргызстандагы медреселер арасында Куранды жатка айтуу боюнча жалпы республиклык масштабда жарыш өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. #Муатакалим #БАЭ

Похожие видео

Показать еще