Түз эфир. "Танк-Биатлону-2022" Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн командасы HD

14.08.2022
2022-жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курама командасы “Жеке жарыш” этабындагы жарышка катышат. Биздин танкисттер күжүрмөн унаалар мелдешинде бир нече жеңиши бар Россия Федерациясынын, Кытай Элдик Республикасынын жана Беларусь Республикасынын күчтүү жана тажрыйбалуу командалары менен ат салышат. Бул тууралуу кыскача баяндап беребиз. Россия Федерациясы - «Танка биатлону» эл аралык сынагынын негиздөөчүсү жана туруктуу катышуучусу, 2013-жылдан тарта аталган мелдешүүлөрдө биринчи баскычтарды ээлеп келет. Россия Федерациясы бүткүл дүйнөнүн эң күчтүү өлкөлөрүнүн катарына кирет. Россиянын Куралдуу Күчтөрү Кургактары аскерлеринен, Аскер-космос күчтөрүнөн, Аскер-деңиз флотунан, ошондой эле Стратегиялык багыттагы ракеталык аскерлеринен, Аба-десанттык жана Атайын багыттагы аскерлеринен турат. Россия армиясынын саны 3 миллион кишиден ашат. -------------------------------------------------------------------------- АрМИ-2022 14 августа 2022 года сборная команда Вооруженных Сил Кыргызской Республики совершит заезд в этапе «Индивидуальная гонка» в международном конкурсе «Танковый биатлон-2022». Нашим танкистам предстоит состязаться с сильнейшими и опытными командами из Российской Федерации, Китайской Народной Республики и Республики Беларусь, за плечами которых не одна победа в этом конкурсе боевых машин. Вкратце расскажем о них. Российская Федерация - основатель и бессменный участник международного конкурса «Танковый биатлон», стабильно занимающий первое место в этих состязаниях с 2013 года. Российская Федерация входит в первую строчку сильнейших стран мира. Вооруженные Силы России состоят из Сухопутных войск, Военно-космических сил, Военно-морского флота, а также Ракетных войск стратегического назначения, Воздушно-десантных и Специальных войск. Численность российской армии превышает 3 миллиона человек.

Похожие видео