Катышуучу №15. "Бий жарыш". Эсенбаев Кубанычбек. HD
Бийдин автору:Эсенбаев Кубанычбек. Аткаруучу: Эсенбаев Кубанычбек, коштоочу топ: "Кара жорго номер бир". "Биздин чыгармачыл топтун максаты кыргыз этнобийлерин жаңыдан ойлоп табуу эмес, илгертен эле болгон бийлерди кайра жандандыруу, жаңы дем берүү. Ошондой эле кыргызга мүнөздүү, жарашыктуу, дилине-дитине төп келген бий кыймылдарын жандантып, улуттук бийибиздин көркүн арттырып, көпчүлүк кызыгып бийлеген бийди издеп келебиз",-дейт топтун мүчөлөрү. Кыз-жигиттин бийи деп аталган "Бий жарыш" заманбап таризде бийленип, өзүнүн ичине асман тиреген тоолордун чокусундай кырс-кырс, шарт-шурт сынган кыймылдарды, күлүктүн кызуу арышын, кыздын кылыктарын камтыйт.