Тургуналы- Жалын бий HD

30.09.2014
№3 финалист:Тургунаалы Мамай. Бийдин аталышы: "Жалын бий". Бийдин музыкасынын автору: кытайлык боордош, жаш композитор Жаасын уулу Кубандык. Сөзү: Кыялбек Урманбетов. Бийдин жаралуу тарыхы: «Жалын бий» кыргыз эллине таандык байыркы бийлердин кыймыл аракеттеринин негизинде иштелип чыккан. Бул бий ат жалында шамал менен теӊ жарышкан жигиттерибиздин шамдагайлыгынан, эрктүүлүгүнөн, кыздарыбыздын тал чыбыктай ийкемдүүлүгүнөн, жана элибиздин маданиятынын нукура, байыркылыгынан кабар берет. «Кыргыз элибиз илгертеден эле отту ыйык тутуп келишкендиктен, элибиздин бул өзгөчөлүктөрүн бий өнөрүнө кошо чагылдырып, улуттук маданиятыбызга салым кошуп, элдик бийлерибиздин көч башы болсун деген максатта «Жалын бий» деп атаганбыз» дейт кытайлык боордоштор.

Похожие видео

Показать еще