КАРА ЖОРГО СЫНМА БИЙ

21.02.2015
“Манас” миң кырлуу, миң сырдуу, аны ар тараптан, ар өңүттөн изилдесек жарашат. Андыктан “Манастагы” бийди баамдап, манасчы менен бийчинин кыймылдарынан паралель издедим. Төгүлүп күрпүлдөтүп “Манас” айтып жаткан манасчынын кыймылдарында улуттук бий элементтери бар. Бий дагы маданияттын бир бөлүгү. Улуттук бий анын салт-санаасына, чарбасына, ой-мүдөөсүнө жараша болорун окумуштуулар баса айтып келишет. Демек, улуттук маданиятыбыздын туу чокусу болгон “Манастагы” камтылган ой-санаа, салт, чарба, жоокерчиликти күрпүлдөгөн манасчынын жесттеринен улуттук бийди көрөбүз. Улуу муундагылардын айтуусунда элибизде көп бийлер болгону анык. Анын ичинен “Манаска” тийешелүү деп “Шумкар бий”, Бүркүт бий”, “Арстан бий”, “Сынма бий”, “Жеңиш бий” деп ойлойм. Бул бийлерге мүнөздүү жалпылык сынып-сынып бийлөө болгондуктан “Жоокер бийи” деп атасак болот. Жоокердин найза сайганы, бүркүттун куушурулуп сайылганы, шумкардай атылганы, арстандын тырмактарын жайып апчыганы, күлүктүн арышы, жоргонун жүрүшү сыяктуу элестерди жаратат. Мына ушул окшоштукту 1924-жылы Каркырадагы жарманкеде немис окумуштуулары тарткан кинохроникадан байкайбыз. Бул тасма кыргыздагы бий өнөрү жашаганынын чоң далили. Бийчинин буттарын кайчылаштырып буралып, тоонун чокуларындай сынып, толгонуп, жазылып бийлегени кыргыздын, манасчынын мүнөзүн берип турат. Жеке пикиримде “Кара жорго” деп таанылган бийде так ушул кыргыз мүнөз бий кыймылдары болгондуктан көпчүлүккө жакты, биздин маданиятыбызда мындай бий кыймылдары болбосо, эл кабыл албай жээрип коймок. Улуттук этнографиялык бийлер изилденбей калгандыктан бул кинохроникадагы бийге бүгүнкү бий жаатындагы кесипкөйлөр бир беткей баа бере албай келишет. Бий конкурсу жарыяланса, акчага көзү күйгөн “кесипкөйлөр” пайданы көздөп ушундай паралелдерди көрбөй калышат окшойт? Жогорудагы кинохроникадагы бийди Нурак Абдрахманов агайыбыз бийчи болбосо да, уккан билгенин божомолдоп кыргыздын “Сынма бийи” деп айтканын өз кулагым менен укканым бар. Демек, ушул нуктагы бийди жандандыруу абзел. Министрдин өзүн эмес, ролун ойногон, колундагы доклатты эжелеп окуган чиновниктердин ушуга түшүнүгү жетсе, чиркин! Саякбай атабыздын “Манасты” төгүп жатканын жана кинохроникадагы бийлеп жаткан агабыздын бийинен, жаңы тартылган “Сынма бийдин” кадрларынан кыска тасма курап окшоштукту көрсөтүп “Манастын” миң кырынан бир кырын ачып, башка өңүттөн көргүм келди. Канчалык окшошконун сиздер баамдап көрүңүздөр. “Манас” - бузулбаган дың, жаңы табылгалар, ачылыштар али алдыда.

Похожие видео

Показать еще