Невыносимый налог Кокандского ханства кыргызам.

26.10.2018
1709-жылы «миң» деген өзбек уруусунан чыккан Шахрух бийдин Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө көзкарандысыз ээликти негиздеши, хандыктын негизделиши болгон. Ал анча чоң эмес Кокон шаарында чеп тургузган, кийин бул хандыктын борборуна айланган. Жергелик уламыштар боюнча, султан Бабур (Темирландын чөбөрөсү) Фергана өрөөнү аркылуу Самаркандан Индияга өтүп бара жатканда, аялдарынын бири Кожент менен Канибадам арасындагы жолдон уул төрөйт; Алтунбешик (1545-жылы өлгөн) деп аталган ал наристени аердеги көчүп-конуп жүрүүчү төрт уруу (анын бири, сулалеге атын берген миң уруусу) багып алат. Качан анын тектүүлүк жайы билингенде, Алтунбешик бий көтөрүлүп, Ахсыга жайланышат. Бий наамы анын урпактары үчүн тукум куума болуп калат. Алгач Фергана өрөөнүндөгү Дыйкан-Тоо деген жерди Ашыраалы бий башында турган миң уругу ээлеген. Кийин баласы Шахрух (Шоорук) бий Эски-Коргон, Чамаш, Чадак, Партак ж. б. кыштактарды өз ээлигине кошуп, Шахрух ибн Чамаш бий аталык деген ысым алган. 1721–22-ж. анын уулу Абд ар-Рахим Кокон вилайетин бийлеп, инилери – Абдыкеримге (Абд ар-Карим) Хожентти, Шадыга Маргалаңды башкарткан. Абд ар-Рахимдин тушунда Жаңы-Коргон кыштагы негизделип, кийин ал Кокон шаары деп атала баштаган. Хандыктын байтактысы ушул шаарга жайгашкандыктан ал тарыхта Кокон хандыгы деген ат менен калган. Алтунбешиктин урпактарынын бири — Абдурахим-бий — Дикан-Тода кыштагына жерлешип, бирок акырында анын негизги тура турган жери, 1732-жылдары өзү негиздеген жана алгач Эски-Коргон же Калааи-Раимбай (өз негиздөөчүсүнүн атынан) делинип жүргөн Кокон шаары болуп калган. Абдурахим Бухара хандыгына жортуул жасап, Самаркан, Катта-Курганды алгандай болуп, шахрисябзга чейин жеткен, бирок чектеги башкаруучу менен болгон тынчтык келишими менен чектелип, анын карындашына үйлөнүп, Кожентке кайтат. Абдурахимдин иниси жана ордун алуучусу — Абдукарим-бий — Эски-коргонго биротоло жайланышкан, ошол мезгилден гана тарта бул Кокон атала баштаган. Абдукаримдин өлүмүнөн кийин анын ордун улантуучу катары Абдурахимдин уулу — Эрдене бий жарыяланган. Ал 1778-жылы көз жумган. Андан кийинки башкаруучу анын аталаш тууганы Сулайман болуп, бирок ал 3 айдан кийин өлтүрүлөт. Ошондо Фергананын башкаруучусу болуп, Абдукарим бийдин небереси жана Абдурахман бектин уулу болгон Исфара шаарынын ээси Нарбото бий, башында анчалык коопсуз эмес мындай жүктөн баш тартып жатса дагы, жарыяланган. Абд-ул-Карим, Эрдене бий жана Нарбото бийлер Кокон хандыгынын аймагын кеңейтишкен. Бирок Эрдене дагы, Нарбото дагы Цин империясы менен дипломатиялык алакага кирүүгө мажбур болуп калган учурлар болгон. Түптөнүү доорунда калмактан сүрүлүп, Анжиянга келген кыргыздардын тийгизген таасири абдан күчтүү болгон. Алардын аркасы менен алгач Маргалаң, Хожент анан Анжиян, Наманган вилайеттиги түзүлгөн. Кокон хандыгынын күч алып баратканын көргөн калмактар 1734, 1745–48-ж. Фергана өрөөнүнө бир нече жолу жортуул жасап, Кокон шаарын камоого алышкан. Ошол мезгилде кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгү түзүлүп, жардам берүү үчүн Касан шаарынын

Похожие видео