ТАТУАЖ ЖАСАЛМА КИРПИК ӨСТҮРҮҮ РАКТЫ ЧАКЫРАТ HD

18.04.2019
Жасалма кирпик сурманын терисине олуттуу зыян келтирет. Эгер кирпик өстүргөн адамдын клейи сапатсыз болсо, тери сезгенип, шишип кетиши мүмкүн. Муну алдын алуу үчүн кирпикти өстүрбөй туруп, салон кызматкери кандай каражаттарды колдоноорун изилдеш керек. Алардын сапатты өтө жогору болгону маанилүү. Кирпик өстүргөн адистердин өтө арзан сунуштарынан баш тарткан оң. Эсиңизде болсун: 1. Алгач улаганда көзүңүз жаштанып бир топ убакытка чейин ачышуусу токтобойт. 2.Көз кызаруусу, шишип кетүүсү байкалат. 3. Айрымдарында болсо желимдин айынан каттуу аллергия болушу мүмкүн. 4. Табыйгый кирпигиңиз химиялык заттан катуу жабыр тартат. (Желимдин химиялык зыяндуулугу ар дайым жогору болот.) 5. Айрым айымдар кайрылган кирпигин түшүрүүгө шашып, жыйынтыгында өз кирпигин жулуп алышы мүмкүн. Суюк, кыска кирпик, албетте, сиздин сулуулугуңузга бүлүк салат. Ал эми татуаждын зыяндуулугу кээ бир адамдардын көзү начар көрөт, ошолорго татуаж колдонууга болбойт. Ошону менен катар эле кант диабети менен ооруган адам, боюнда бар аялдарга да болбойт. Кээ бир мастерлер жасай беришет, бирок өзүнүн шартын, дартын билген адамдар кайрылбай эле койгону оң. - Кээ бирөөлөргө өңү туура келбей, жарашыксыз болуп калат. Мунун себеби эмнеде? - Өңүнүн көк болуп калышынын себеби боёктун туура эмес тандалышынан. Каштын, көздүн, ооздун атайын өз-өзүнчө боёктору болот. Ал боёкторду атайын фирмадан буйрутма кылышат. Ал эми кээ бир мастерлер денеге чийген татуаждын боёгу менен кашты чийип салышат, ошол учурда да өңү көпкөк болуп калат.Татуаж жасатып аны лазер нуру менен өчүрткөн колдонучунун азыр кашы таптакыр жок. Өспөй калганына 2 жылдан ашкан.

Похожие видео