Кочкордо белгисиз жырткыч жаныбар пайда болду (чупакабра)
Нарындын Кочкор районунда же чөөгө, же итке окшобогон белгисиз жырткыч жаныбар 13 кой-козуну жана 10 тоокту жеп кеткенин "Азаттыкка" аталган райондун акими Жылдызбек Шералиев билдирди. Анын айтымында, белгисиз мутанттын пайда болгонуна бир жума болду. Видео: ktrk.kg сайтынан алынды.