«Ынтымак ТВ». Сюжет HD

18.11.2019
«Бакай Банк» жана «БТА Банк» учурда биригүүнун акыркы баскычтарынан өтүүдө. Биригүүнү Кыргызстандын Улуттук Банкы колдоп, толугу менен мыйзамга ылайык жүрүп жатат. «БТАнын» кардарлары үчүн мекеменин «Бакай Банкка» биригүүсү ыңгайсыздыктарды жаратпайт. Бардык макулдашуулар мөөнөтү аяктагыча күчүндө болот. Бириккен банктын өлкө боюнча өкүлчүлүктөрүнүн саны эки эсеге көбөйөт. 2020-жылдын башында «БТА Банк» бренди токтотулуп, «БТАнын» бардык активдери жана милдеттенмелери, филиалдары, сактык кассалары жана банкоматтары «Бакай Банк» аталышы менен ишин улантат. Биригип жаткан эки банктын өлкөнүн түштүк облустарындагы филиал, сактык кассаларындагы өзгөрүүлөр жана пландар, кардарлар үчүн түзүлүп жаткан ыңгайлуу шарттар жөнүндө «Ынтымак ТВ» телеканалынын кабарчылары даярдаган сюжетте.

Похожие видео

Показать еще