Көк бөрү (Финал) 2-тайм: "Достук" (Ош) 1 - 0 "Ынтымак" (Талас)
Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көкбөрү боюнча республикалык турнирде жогорку лигада «Достук» командасы жеңүүчү болду. 9-майда баш байге үчүн болгон беттеште Оштун «Достук» командасы Таластын «Ынтымак» командасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Оюндагы жалгыз улакты үчүнчү таймдын акыркы бөлүгүндө Таши Майлыбашев таштады.