Көкбөрү: Чүй - Талас 5:2 / Ош облусу - Бишкек шаары 8:5 (жарым финал) HD

20.09.2019
Ушул күндөрү Талас облусунда өтүп жаткан биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарында, көк бөрү боюнча мелдеште финалга чыккан командалар аныкталды. 20-сентябрда Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданында болгон жарым финалдык беттештерде, Чүй облусу менен Талас облусунун командасы ойноп, 5:2 эсебинде чүйлүк улакчылар жеңишке жетти. Дагы бир жарым финалдык беттеште Ош облусу менен Бишкек шаарынын көк бөрү командасы финалга чыгуу үчүн таймашып, 8:5 эсебинде Ош облусунун командасы алдыга чыкты. Баш байге үчүн ат салыша турган Чүй - Ош командаларынын оюну саат 10:30да башталат. Ага чейин саат 9:00дө Талас облусу менен Бишкек шаарынын командалары биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын коло байгеси үчүн беттешет. https://www.azattyk.org/a/30174513.html

Похожие видео

Показать еще