Чоң толкундун жышаанасы (2004) 14-серия
Бул жыл келерки жылга салыштырмалуу орошон окуяларга бай болгон жок. Ошентсе да, журт ичинде кандайдыр бир жамандыктын жышааны сезилип турду. Жөнжай адамдар өндүрүштө жана соода-сатыкта ишин кылып, бала-чакасын багып жатты, парламент депутаттары ар кандай мыйзамдарга добуш берип отурушту. Бирок дем алган абадан да чыӊалуу билинип турду. Жакында алданеме болору жонтери менен сезилет. «Чоң толкундун жышаанасы» - «Тарыхтын татаал ашуулары” документалдык тасмасынын бүгүнкү сериясы 2004-жылдагы окуяларга арналат.