КАРАОКЕ Мирбек Атабеков Кыргызстаным

01.01.1970
Кылымдардан келген Кыйла жоону жеңген Кыргыз элдин урпактарыбыз Азгырса да заман Алдаса да жаман Кастык кылба өз мекениңе Бейиштин төрүндөй Берметтин өңүндөй Берекелүү жерим Кыргызстаным! Ата мекеним ардактуу жерим Кылымдарга сени ырдап келемин Мекеним менин кымбатым жерим Жүрөгүмө сени сактап келемин Аргасыз кетсең да Алыска жетсең да Сагынарсың ыйык мекениң Биримдиктүү элбиз Бөлүнбө себепсиз Кыргызмын деп коргоп намысты Бейиштин төрүндөй Берметтин өңүндөй Берекелүү жерим Кыргызстаным! Ата мекеним ардактуу жерим Кылымдарга сени ырдап келемин Мекеним менин кымбатым жерим Жүрөгүмө сени сактап келемин

Похожие видео