Ажайып Кыргызстан — Падыша-Ата коругу

28.07.2016
Падыша-Ата коругу Жалал-Абад облусунда, Тян-Шандын батыш аймагында жайгашкан. Коруктун аймагы 30 миң 560 чарчы метрди түзүп, 2003-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты арча токойлорун сактап калуу болуп саналат. Аталган аймакта уникалдуу өсүмдүктөр өсүп, ак илбирс сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарлар байырлайт. Жалал-Абад облусу ыйык өрөөн деп аталганы бекеринен эмес, бул жерде көптөгөн ыйык жайлар бар. Алардын бири — "Падыша-Ата" мазары мамлекеттик коруктун аймагынан орун алган. Бул жерде сүт эмүүчү жаныбарлардын 31 түрү, канаттуулардын 51 түрү байырлайт. Кыргызстандагы Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди. Видеонун оригиналы Sputnik Кыргызстан сайтында : http://sputnik.kg/video/20160720/1027939308.html * * * Биздин баракчалар Facebook: https://www.facebook.com/sputniknewsk... Twitter https://twitter.com/SputnikNewsKGZ Одноклассники: http://ok.ru/sputnikkyr

Похожие видео

Показать еще