Parlamentarizm Sabaktary 13042017 HD
КТРК коомдук канал боло алдыбы? Кимден көз каранды? Бейтараптуу, калыс медиага кантип жетишебиз? КТРКда көп өзгөрүүлөр жасалды, бирок анын журналисттери татыктуу эмгек акы алып жатышабы? Мындан ары негизги телеканалыбыздын жүзүн оңдоо үчүн эмне кылышыбыз керек? Бул жана башка суроолорго мөөнөтү аяктап бараткан Байкоочу кеңештин төрайымы Жылдыз Бакашова менен Башкы директор Илим Карыпбеков жооп берет. "Парламентаризм сабактары" - 13-апрелде КТРКдан саат 17:43тө көрүңүз. 14-апрель "Пирамида" 9:30. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.