Жалал-Абад Баткенге гуманитардык жардам жөнөттү
Жалал-Абад облусу Баткенге гуманитардык жардам катары 5 тонна ун, 5 тонна май, 3 тонна күрүч, кумшекер жана башка зарыл болгон азык-түлүк жөнөттү. Аны ӨКМдин унаалары жеткирет. Чек арадагы кырдаалдан жапа чеккен мекендештерге гумжардам берүүнү улантуу максатында, Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына боз үй тигилип, атайын эсеп ачылды. Жарандар штабга азык-түлүк жана акчалай жардамын тапшырса болот. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин айытымында, гуманитардык жардам чогултуу боюнча штаб ар бир райондо түзүлдү. #CNN #BCC #ABC #TheNewYorkTimes #WashingtonPost #NBCNews #RussiaToday #DW #Euronews #AgenceFrancePresse #AssociatedPress #Reuters #UnitedPressInternational #Fox #MSNBC #USAToday #TheWallStreetJournal #POLITICO #Bloomberg #HBO #HuffPost #NewsWeek #Time #KyrgyzTajikBorder #BatkenisKG #FreeBatken
Похожие видео
Показать еще