Жаңылыктар | 17.09.2022 | Чек ара: 24 адам каза таап, 121 жаран жаракат алды

17.09.2022
Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-сентябрда тараткан маалыматка ылайык Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арадагы кагылышуудан 24 кыргызстандык каза таап, дагы 121 киши жарадар болду. Тажикстандын жети жараны каза тапканы кабарланууда. Чек арадагы кагылыштан улам 140 миңден ашык кыргызстандык коопсуз жакка жер которгонго аргасыз болду. Алар Баткен, Лейлек районунун, Баткен, Сүлүктү, Исфана шаарынын жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары. Куралдуу кагылышта жабыркап, жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуп, жөнөтүү уланууда. 16-сентябрда кечке жуук Бишкектен Баткенге 67 тонна жардам жөнөтүлдү. Жардам чогултуу уланууда. #Кыргызстан #чегара #Баткен _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео

Показать еще