Жороевдердин ый аралаш муңу HD
ПОДРОБНО https://www.turmush.kg/news:465321 Жороевдердин үй-бүлөсүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3 адам жашайт. Эсеналы Жороев жана өмүрлүк жары Карамат Жороева 2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Ал эми кызы Махабат Жороева 1-топтогу мүнкүнчүлүгү чектелгендердин катарына кирет. Махабат Жороева 16 жыл өмүрүн төшөктө өткөрдү. Анткени дары-дармекке акча жок болгондуктан анын коляскасын сатып жиберишкен.Бүгүнкү күндө Жороева мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулдун эсебинен күн кечирүүдө. Ошондой эле өткөе жылы анын бөйрөгүндө 12 мм таш бар экени аныкталган. Дарыгерлер аны операция жолу менен алууга болбостугун айтышкан. Бирок Оштогу жеке клиникалардын биринде нурдун жардамы менен ташты алууга болору боюнча маалымат алган. Бирок Жороевдердин аталган ыкма менен дарыланыгуу чамасы жетпейт. Эсеналы Жороев үй-бүлөдөгү 3 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды камсыздоого алардын чамасы жетпестигин айтып, көзгө жаш алуу менен президент Садыр Жапаровдон жардам сурады.
Похожие видео
Показать еще