Мадумаров Орусиянын тышкы министри Лавровго эмне себептен кат жазды?

14.01.2020
Бүтүн, 14-январда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Ал убактылуу чет жакта иштеп, жашап жаткан жарандардын, айрыкча Орусиядагы жарандардын шайлоодогу Конституциялык укуктарын кайрадан калыбына келтирип берүү боюнча маселени КР БШКнын алдына койгонун, алар болсо мыйзам чегинде да 30 күндө жооп бербегенин баса белгиледи. Ошондой эле, 2018-жылдагы президент менен жолугушууда да бул маселе кабыргасынан коюлганын, президент тараптан да жооп болбогонун билдирди. Ошондон улам, Мадумаров Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровго бул маселе боюнча кайрылуу кат менен кайрылганы турганын айтып, себебин түшүндүрдү. Булак: Kyrgyztoday.kg

Похожие видео